Connect with us

Министрлик: «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу шарттары талкууланууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2021 | 378 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча иштер азырынча талкуу деңгээлинде турат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик меморандумдун негизинде иш алып барып жатат. ГЭСти чогуу курууга ынтызарлыгын билдирип жаткан коңшу Өзбекстан да өз сунушун берүүдө.

«Бирок азырынча талкуунун үстүндөбүз. Эң негизгиси, «кандай болгондо биздин мамлекетке жакшы шарттар түзүлөт» деген ойдун үстүндө иш алып барып келе жатабыз. Долбоорду ишке ашырууга биринчи кадамды жасай турган болсок, ЖМК аркылуу элге жеткиребиз», — дейт аткаминер.

Ал «Камбар-Ата-1» ГЭСи курулса, аз көлөмдөгү суу менен көп электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, дагы көп шарттар болорун кошумчалады. Ошондой эле мамлекеттин 2026-жылга чейинки өнүгүү программасында «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун баштоого приоритет берилгендиктен, жакынкы аралыкта курулуш башталышы мүмкүн экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM