Биз менен байланышыңыз

Австрияда COVID-19га каршы эмделбегендерге карантин киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 846 | 0

Австрияда коронавируска каршы эмделбегендер үчүн карантин киргизилди. Акыркы убакта өлкөдө COVID-19 вирусу күч алууда. Бул тууралуу «МИР-24» жазды.

Мындай чектөөлөр акыркы алты айда эмдөөдөн өткөнү тууралуу тастыктамасы жок 12 жаштан жогорку курактагыларга тиешелүү. Өлкөдө вакцина албаган эки миллионго жакын жаран бар. Эми алар жумушка, окууга же медицина мекемелерине, тамак-аш, дары-дармек сатып алууга жана сейилдөөгө чыга алышпайт. Статистикалык маалымат боюнча өлкө жарандарынын 75%ы эмдөөдөн өткөн.

Австриянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы билдиргендей, өлкөдө эмдөө алган жарандар үчүн да түнкү коменданттык саат киргизилиши мүмкүн.

«Эмдөө алгандардын түнкүсүн көчөгө чыгуусуна чектөөлөр киргизилет. Бул — сунушталып жаткан чаралардын бир бөлүгү», — деди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Вольфганг Мюкштейн.

Мюкштейндин айтымында, жаңы чектөөлөр 17-ноябрда кабыл алынышы мүмкүн.

Ал эми Улуттук соода ассоциациясы мындай чектөөлөрдүн киргизилишинен улам жоготуулар жумасына 350 миллион еврону түзөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM