Биз менен байланышыңыз

АКШ: 105 жаштагы жөө күлүк дүйнөлүк рекорд койду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 15 Ноя 2021 | 1101 | 0

Луизиана штатынын 105 жаштагы тургуну кыска аралыкта чуркоо боюнча дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу «Америка үнү» басылмасы жазды.

«Ураган» деген ат менен белгилүү болгон спортчу Жулия Хопкинс чоңдор арасындагы жарышты 1 мүнөт 2,95 секундда чуркап өткөн. Бирок Хопкинс бул жыйынтыкка нааразы, себеби ал аралыкты бир мүнөткө жетпеген убакытта басып өткүсү келген.

Хопкинс 80 жашында веложарыштарга катышып, бирок көп өтпөй, таштап кетүүгө аргасыз болгон. Себеби  өзү курактуу атаандаштары табылбай койгон.

Спортчу 100 жашка чыкканда чуркоо менен алектенип баштаган. Ал жүз метрди 39,62 секундада чуркоо менен жүз жаштан жогорку курактагылар арасында дүйнөлүк рекорд койгон.

Көп өтпөй бул рекордду спортчу Дайан Фридман жаңылаган. Мындан улам ал Луизианада өзү курактуулар арасында өткөн жарышта андан да жогорку баскычты багынтууну, мурдагы рекордун жаңылоону чечкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM