Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШда күрөш боюнча чеберчилик сабак өткөрдү. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
«Кечээ АКШда Wrestle like a girl уюму менен бирге жаш спортчуларга алгачкы мастер-класс өткөрдүм. Ачыгын айтканда, аябай толкундандым, бирок бул жактагы кыздар мени жылуу жана колдоо менен кабыл алды. Өз потенциалдарын көрсөтүп, жогорку жетишкендиктерге жетүүсүн каалайм», — деп жазды Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Учурда АКШда атайын машыгуу өткөрүп жүрөт.