Connect with us

Бишкекте 20-ноябрда «Кыргызстан 30+» жарандар форуму өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2021 | 839 | 0

Бишкекте 20-ноябрда «Кыргызстан 30+» жарандар форуму өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Улан Үсөйүн «Маралдын» эфиринде билдирди.

Форумга Кыргызстандын ар аймагынан жана Бишкектен 200дөй адамдын катышуусу күтүлүүдө. Алардын арасында активдүү жарандар жана эксперттер болот. Чогулгандар  өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөр, аны чечүү жолдору тууралуу ой бөлүшөт.

«Форумдун аталышын «Кыргызстан 30+» деп койгонубуздун себеби өлкөбүздүн эгемендик алганына быйыл 30 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында ар кандай тагдырды басып өттүк, ар кандай кырдаалдар болду. Ошол себептүү форумда басып өткөн тарыхыбызды жана алдыда күтүп турган келечегибизди сөз кылабыз», — дейт Улан Үсөйүн.

Буга чейин мындай форум 2017-2018-жылдары болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM