Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Шайлоо системасын «Альянс» партиясынын өкүлдөрү өзгөрттү (PR)

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 13 Ноя 2021 | 1847 | 0

«Шайлоо системасын «Альянс» партиясынын өкүлдөрү өзгөрттү», – деди партиянын тең төрагасы Жанар Акаев Ош шаарында шайлоочулар менен болгон жолугушууда.

Ал парламенттик башкаруу урап, президенттик башкаруу эмне үчүн орногонун түшүндүрүп берди.

«Парламент элдин ишениминен чыкты, кадыр-баркы кетти, түрдүү атка конду. 120 депутатты эле эмнеге гана салыштырган жок. Жогорку Кеңештин жыйындарын «өлкөдө эмне болуп жатат, кандай системалык өзгөрүүлөр болууда жана кандай мыйзамдар кабыл алынууда?» деп эмес, ушуларды карап бир күлүп алалы деп көрүп калышты», – деди ал.

Айтымында, парламент бийликтин бир бутагы болгондон кийин өтө маңыздуу иштерге аралашышы керек. Анын курамы мыкты болсо, өкмөттүн сапаты да жакшы болот. Андыктан VII  чакырылышка билимдүү, кесипкөй, адилеттүү, өлкө кызыкчылыгын көздөгөн депутаттар келиши керек. Андай адамдарды тандоо элдин колунда.

АЛЬЯНС — 3 ☑ — БИР КҮЧ!
Жанар Акаев — 2 ☑

Аткаруучу: «Марал ТВ» ТРБК» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көч. 387

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM