Биз менен байланышыңыз

Ирактагы ресторанга робот-официант ишке алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 719 | 0

Ирактын Мосул шаарындагы ресторандардын бирине робот-официант жумушка алынды. Бул тууралуу «Мир-24» маалымат агенттиги жазды.

Робот кыймылдын багытын аныктоочу сенсор менен жабдылган. Ага тапшырык столдогу экрандын жардамы менен электрондук түрдө берилет.

Айта кетсек, электрондук жумушчулар Орусия, Япония, Дубай, АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрүндөгү ресторандарда кызмат көрсөтүп келет.

Буга чейин «Орусия почтасы» жакынкы күндөрдөн тарта жүк жеткирүү кызматын «Яндекс» компаниясынын роботтору аткарарын кабарлаган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM