Биз менен байланышыңыз

PR: 33 жаштагы Айсулуу Мамашова 32 мыйзам долбоорун демилгелеген

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 12 Ноя 2021 | 739 | 0

Жаш муундарга кам көрүү, алардын келечегин камсыздоо – биздин, жалпы эл өкүлдөрүнүн милдети деп билем. Мындай пикирин «Альянс» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айсулуу Мамашова Ош облусунун тургундары менен жолугушканда айтты.

Ал Жогорку Кеңешке депутат болуп турганда жалпы 32 мыйзам долбоорун демилгелегенин айтып, анын экөө кайра артка кайтарылып, «Балдар жөнүндө» кодекс ишке ашпай калганын билдирди.

«Анда мигранттардын балдарынын коопсуздугу үчүн жазылган мыйзамдар бар болчу. Эгер Жогорку Кеңешке шайланып келе турган болсом, бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Балдар – эртеңки келечегибиз!» — деди Мамашова.

Ал окуусун уланта албаган же базалык билими жок аялдарга карата атайын чаралар көрүлүшү керектигин кошумчалады.

«Буга чейин бул багытта демилге көтөрүп чыккам, эми парламентке келип калсам, жалгыз бой энелер менен жаш кыздарды кесипке үйрөтүү бекер болуусу үчүн аракет кылам», — деди талапкер.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!

Айсулуу Мамашова — 8

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. К. Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды. 12-ноябрь, 2021-жыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM