Бүгүн, 12-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпионаты башталат. Маалымат Самбо эл аралык федерациясынын сайтына жарыяланды.
3 күндүк мелдештерде 50 өлкөнүн балбандары таймашат. Алардын ичинде Кыргызстандын спортчулары да бар.
Беттештер 7 салмак категорияда өтүп, акчалай байгелер да коюлат: алтын медаль 4 миң доллар; күмүш медаль 3 миң доллар; коло медаль 2 миң доллар. Жалпы байге фонду 231 миң долларды түздү.
Чемпионатка катышкан балбандар ПЧР-тест тапшырып, COVID-19 пандемиясынан коргонуу эрежелерин сакташы керек.