Биз менен байланышыңыз

Жуманазарова Ослодо жеңген орусиялык кыз менен кайра күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 12 Ноя 2021 | 446 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 3-декабрда Орусияда өтө турган «Москванын гран-приси — Алроса кубогу» супертурнирине катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын балбан кызы Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жарым финалда жеңип алган орусиялык кыз Ханум Велиева менен кайра күрөшөт.

Айта кетсек, Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова жарым финалда Ханум Велиевага бет келип, 3:3 эсебинде жеңип алган. Бирок Орусия тарап калыстардын чечимине макул болбой, жеңиш туура эмес ыйгарылганын айтып чыгышкан. Мындан улам балбан кыздарды кайра беттештирүүнү машыктыруучу Нурбек Изабековго сунушташкан.

Бул турнирде грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грэпплинг боюнча беттештер өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM