Connect with us

Дарыгер: Диабетке чалдыккан адам бутун этиятташы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2021 | 825 | 0

Кант диабетине чалдыккан адам бутун көздүн карегиндей сакташы керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборунун эндокринологу Кайыргүл Жоошбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Дарыгердин айтымында, кант диабети менен жабыркаган адамдардын ооруну сезүүсү начарлап калат. Андыктан алар буту менен таш басып алса, же бирдеме кирип кетсе, же жооруса, байкабай калуулары мүмкүн.

«Ошол себептен күндө кечинде бутун жууп, күзгүнү маңдайына коюп алып жаракат жокпу деп таманын карашы керек. Же болбосо, балдарынан, неберелеринен сурашы керек. Канда канттын деңгээли жогору болгондо, буттагы жаракат күн санап, саат санап тез өөрчүп кетет. Бут кийимди кийгенде дагы биринчи күүп туруп, анан кийгенди адатка айлантуу зарыл. Болбосо, анын ичинде майда таш, же мык болуп калса, сезбей жүрө берген учурлар болгон», — деди дарыгер.

Ошондой эле кант диабетинен жабыркаган адам жылаңаяк жүрбөшү керек. Резинкасы кыспаган байпак кийиш керек, кысса, резинка жагынан бир аз кайчы менен кесип коюш керек. Бут кийимди дагы атайын тандаш керек. Базарга эртең менен барбай, түштөн кийин барып алыш керек.  Анткени басып жүргөндө адамдын буту бир аз шишийт, ошол маалда кийип көрүп алган туура. Болбосо, эртең менен алып алса, түштөн кийин бут шишигенде ал сүрүлө баштайт. Ошондон жаракаттар пайда болушу мүмкүн. Классикалык, башы учтукуй бут кийим туура келбейт. Кичине төрт бурчтук, кенен, булгаары бут кийимдерди тандап кийиш керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM