Биз менен байланышыңыз

«Кант диабетине көңүл бөлбөө майыптыкка алып келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2021 | 699 | 0

Кант диабети өзүнүн кабылдоосу жана  майыптыкка алып келүүсү менен коркунучтуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборунун эндокринологу Кайыргүл Жоошбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ооруга чалдыккан айрым адамдарда оорунун төмөнкүдөй белгилер болот: адам демейдегиден көбүрөөк суу ичип жана тез-тез заара кыла баштайт, заара ушатуу үчүн түнкүсүн да тура баштайт. Салмагы азаят, денеси кычышат, жаракат алса, кеч айыгышы мүмкүн. Көзүнүн көрүүсү дагы начарлап, булчуңдар ооруп, алы кетип, тез чарчайт.

«Бирок тилекке каршы, бул белгилер баарында эле боло бербейт. Кээде оору симптомдору жок деле жүрөт. Жарандар башка оорусун текшертип жатып, канында канттын деңгээли жогору экенин кокус билип калган учурлар болот. Кант диабетине чалдыккан адамдардын өзүнө көңүл бурбай жүрө бериши кайгылуу аяктайт. Бүгүн эле бир мисал болду, жаш эле бала өзүнө такыр көңүл бурбай иштеп жүрө берип, бутун кестирди. Көзү да жабыркап атыптыр. Өзүнө көңүл бурбагандыктан эми мына майып болуп калды», — дейт Жоошбаева.

Ал эми тескерисинче, бейтап өзүнө көңүл буруп, кандагы канттын деңгээлин такай текшертип, тамакты ылгап жесе эле бир дагы кабылдоосу жок, узакка өмүр сүрө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM