Биз менен байланышыңыз

Эндокринолог: Кант диабетинин II тибинин алдын алууга болот

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2021 | 770 | 0

Дүйнөдө кант диабетине чалдыккан жаштардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эндокринология борборунун дарыгери Кайыргүл Жоошбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Кант диабети — кандагы канттын өнөкөт жогорулашы. Мунун көп түрү бар, бирок эң кеңири тараган I типтеги жана II типтеги кант диабети. Ошондой эле кош бойлуу кезде кандагы канттын деңгээли көтөрүлсө, муну гестациялык кант диабети деп коет.

I тип кант диабетине чалдыккандардын 8-10%ын гана түзөт. Бул — 30 жашка чейинки курактагылар ооруган түрү. II типтеги кант диабетине көбүнесе 30 жаштан жогорку курактагылар чалдыгат, алар жалпы ооругандардын 90%ын түзөт.

«Оору эмне себептен көбөйүп жатат? Анткени биздин жашоо-турмушубуз башкача нукка бурулуп атат, бүт баары автоматташтырылып, аз кыймылдуу жашоодо жашап жатабыз. Себебин билүү үчүн коркунуч факторлоруна токтолсок, ал — ашыкча салмак, кыймылдын аздыгы, тукумунда кант диабетинен жабыркагандардын болушу, артериялык кан басымы жогорулар, кандагы майдын өлчөмүнөн көптүгү, балдардын 4,5 килограммдан жогору салмакта төрөлүшү, ар түрдүү стресс, оорулар, курагы 45 жаштан өткөндөр, калориялуу тамактануу. Ушул коркунуч факторлору менен күрөшсөк, кант диабетинин 2-тибинин алдын ала алабыз», — дейт ал.

Бирок тилекке каршы, дарыгердин айтымында, учурда ден соолугуна кам көргөн адамдар аз. Көбү үйлөрүнөн эмес, көчөдөгү тойканалардан, ашканалардан, же тез татым жайларынан тамактанышат. Ширин суусундуктарды көп ичишет. Майлуу тамактарды, суусундуктарды ичкенден кийин кыймыл жок болсо, ал чогулуп майга айланат, майга айланса, адам толо баштайт. Адам толсо, инсулинге болгон сезгичтик азаят. Ушундай бири-бирине байланышкан себептер көп болууда.

Ал эми биринчи типте аутоиммундук жол менен уйку бездер талкаланып калат, андыктан бул типтеги кант диабетинин алдын алууга мүмкүн эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM