Биз менен байланышыңыз

Prosperity Cup Kyrgyzstanдагы стартаптар бири-бири менен өз идеясына инвестиция алуу үчүн күрөшкө чыгышты

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 241 | 0

Бишкекте Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган жүзгө жакын команда катышкан, он күндүк Prosperity Cup хакатонунун финалисттерин сыйлоо күнү жана Демо-күнү өттү.

Буга чейин сынактын негизинде өлкөнүн бардык аймактарынан инновациялык жана санариптик идеялары бар билдирмелер тандалып алынган. Prosperity Cup хакатондун программасынын алкагында россиялык жана жергиликтүү эксперттер спикер катары катышты, ар бир команданын насаатчылары болду да, жеке сессиялары өттү. Хакатондун ачылышында Outtalent, Growave, GrowthHungry, Nbfit жана башка жергиликтүү жана эл аралык ири стартаптардын негиздөөчүлөрү  өздөрүнүн ийгиликтери менен бөлүшүштү да катышуучуларга мотивация берүүчү сөздөрүн айтышты. Стартаптардын арасында: онлайн мектеп, саякатчыны тез жана ыңгайлуу табуу үчүн аянтча, онлайн медициналык кеңеш берүү кызматы, кызыктуу жана логикалык тексттерди жана продукциянын сыпаттамасын түзүүчү жасалма интеллект көрсөтүлдү.

Финалда тандоодон кийин командалардын жарымы калды, алар инвестициялык комитеттин алдында 10 000 долларга чейинки инвестициялар үчүн күрөшкө чыгышты.Натыйжада тандоо комиссиясы төмөнкү жеңүүчүлөрдү аныктады:

Нурия Каракулова, акселерация программасынын координатору: «Хакатондо Кыргызстандагы жаштардын IT чечимдерин сунуш кылган, 100гө жакын долбоорлор көрсөтүлдү. Билим берүү аянтчаларынан баштап онлайн базарларга, телемедицинага жана туризм сектору үчүн чечимдерге чейин ар кандай долбоорлор көрсөтүлдү. Мындай иш-чаралар аркылуу AP уюму рынокто жаңы оюнчуларды тарбиялап, ошону менен биздин өлкөдө IT экосистемасын өнүктүрөт. Биз ошондой эле бул секторго артыкчылык берүүгө ниеттенип жатабыз жана келечекте бир катар акселерация жана инкубация программаларын ишке ашырууну улантабыз».

Prosperity Cup Kyrgyzstan хакатонунун Кыргызстандагы жаштар жана жаштардын инновациялык жана IT стартаптары менен иштөө деген максаты бар. Билдирме боюнча тандалып алынган хакатондун катышуучулары окуудан өтүп, трекерлердин колдоосу менен бизнес-идеяларын өркүндөтүүнүн үстүнөн  иштешти. Бул хакатон Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылат. AP Asia долбоору Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргылчылыктын жогорулатууга багытталган.

Хакатон Namba One — төлөө үчүн колдонмо, Growave маркетинг платформасы, чет өлкөлүк билим берүү боюнча World of Education агенттиги, Жаштарды өнүктүрүү институту, Pro.kg кесипкөйлөр клубу, IDEA Борбордук Азиядагы Дебаттар Ассоциациясы, GrowthHungry деген компания өнөктөштөрү жана да Economist.kg, Maral.FM жана Lemon басылмаларынын медиа колдоосу менен өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM