Connect with us

Министр Базарбаев Төмөнкү-Серафимовка соцмекемесинин жашоочуларын куттуктады

Кыска кабар | 8 Ноя 2021 | 468 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен Төмөнкү-Серафимовка социалдык стационардык мекемеде жашаган улгайган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды куттуктады.

«Бүгүн баардыгыбыз үчүн бул өзгөчө күн. Кыргызстандын элинин турмушунда болуп өткөн позитивдүү өзгөрүүлөргө таазим кылуу менен бирге, тарыхтын кайгылуу барактарын да эстен чыгарбоо керек. Силердин эмгегиңер менен жолдор, көпүрөлөр, өнөр жай, айыл чарбалар курулган. Өз кезегинде мамлекет сиздердин жашооңуздарды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деди министр.

Камкордукка алынгандар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, ар бирине белектер тапшырылды.

Бүгүнкү күндө аталган мекемеде 315 карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM