Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Венгрия спорт тармагында кызматташат

Кыска кабар , Спорт | 7 Ноя 2021 | 548 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосунда спорт тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумдун максаты – дене тарбия жана спорт тармагындагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүүгө багыт алуу деп кабарлашат министрликтен. Тараптар мамлекеттик спорт уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана төмөнкү багыттар боюнча спорт федерациялары менен башка спорт ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты колдоого алат.

Алар Улуттук спорт, массалык спорт, паралимпиадалык спорт, спорт илими жана билим берүү, спорттук технологиялар жана спорт инфраструктурасы, спорттогу допингге каршы күрөш, ири спорттук иш-чараларды өткөрүү, балдар жана жаштар спорту жаатында болмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM