Биз менен байланышыңыз

Акыркы беш жылда ЖМКлардын саны 14%га өстү

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 215 | 0

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1,8 миң мекеме катталган, акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 14%га өскөн.

Алардын ичинен 166сы көз карандысыз телерадиокомпаниялар жана калгандары гезит, журнал жана маалымат агенттиктери кирет.

Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Быйыл кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына — 97 жыл толду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын чыгуусунун урматына белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM