Connect with us

Оморов: Жаңы программада үй алуунун ар кандай механизмдери каралган

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2021 | 760 | 0

«Менин үйүм- 2021-2026» программасында ар кандай механизмдер камтылган.  Бул тууралуу аталган компаниянын жетектөөчү адиси Таалай Оморов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ошол механизмдердин бири — ипотекалык кредит. Механизмдердин ичинде эки багыт бар: биринчи багыт бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн; экинчи багыт бардык жарандар үчүн.

«Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине ипотека берүү өкмөттүн каражаты менен ишке ашат, ал эми бардык жарандар багыты МИК тартып келген каражаттан каржыланат, анын пайыздык чени 8%», — дейт Оморов.

Андан тышкары ижаралык турак жай деген механизм бар. Бул механизм боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания 2019-жылы Бишкек жана Нарын шаарларына 2 үй курган. Бул механизмди ишке ашырууда банк катышпайт. Батирлерди жарандарга МИК өзү түздөн-түз берет.

Жаңы программада Исламдык каржылоо принциптери боюнча да үй алуу каралган. Ошондой эле контракттык турак жай механизми болот. Мында баштапкы төгүмү жок жарандар «Ак босого» деген жаңы компаниянын кызматынан пайдалана алышат. Алгач компаниянын жардамы менен баштапкы төгүмдү топтоп, анан жеңилдетилген шартта ипотекалык насыя алышат. Ал механизмдин негизги артыкчылыгы тандоо талаптарынын жоктугу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM