Connect with us

«Көмүскө экономиканы жеңүү үчүн таза иштегендер бааланышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2021 | 352 | 0

Көмүскө экономиканы жеңүү үчүн коомдун колдоосу, түшүнүгү керек. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Кубан Айдаралиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал базар экономикасына өткөнү көмүскө экономика өнүгүп кеткенин белгиледи. Бул массалык түргө өтүп кеткендиктен, аны менен күрөшүү кыйын болуп жатканын кошумчалады.

«Азыр бизде ишкерлер өздөрүндө иштеп жаткан адамдардын санын жок дегенде 2 эсе азайтып көрсөтөт. Анткени киреше салыгы менен эле Соцфонддун 27,25 %ын төлөгөндө жалпы эмгек акы фондусунан 37, 25%ды бюджетке төлөшү керек болот. Алар 37, 25%ды төлөбөй эле, калган сумманы эмгек акы эмес, конверт түрүндө чыгымга которуп берип коюп жатышат. Бул — жаңылык эмес. Биз көмүскө экономиканы саясий чечим менен, же жогору жактан башкаруу системасын өзгөртүү жолу менен жеңе ала турган болсок, жакшы болмок. Азыр көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн жалпы элдин түшүнүгү, колдоосу керек. Коомдо миллиардап акча жеп алып, аны кускандар эмес, ак ниети менен нан таап жегендер, таза бизнес кылгандар бааланышы керек. Эл жетекчиге байлыгы, бийлиги үчүн эмес, таза эмгеги үчүн сый-урмат көрсөтсө, ошондо оңолобуз», — дейт аткаминер.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM