Connect with us

«Соодагерлердин 64%ы көмүскө иш алып барат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Ноя 2021 | 252 | 0

Көмүскө же бейформал экономика дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде бар. Бул тууралуу экономист, талдоочу Канат Тилекеев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көмүскө экономика Германия, Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө деле иш алып барып келет. Бирок аларда көмүскө экономиканын көлөмү 10-15%дан ашпайт. Экономиканын калган 90%ы салык төлөп жаткан маалда, бул 10-15% эч нерсени деле чечпейт.

«Ал эми Кыргызстанда бейформал экономика акыркы 3 жылда 22-25%га жеткени айтылууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, алардын 64%ы соода тармагында экен. Андан тышкары өлкөдө 70% адамдар эмгек келишими жок иштейт. Бул да бюджетке, социалдык программаларга же ошол эле пенсиянын көлөмүнө аябай таасир этет.  Эгер адамдардын 70%ы аз салык төлөсө, же такыр төлөбөсө, расмий иштеген калган 30% жарандар салыкты көбүрөөк төлөгөнгө аргасыз болот. Алар көмүскөдө иштеп жаткандар үчүн да төлөп калышат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM