Connect with us

«Аялдардын жаратмандык кудуретин пайдалануу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Ноя 2021 | 370 | 0

Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары кыз-келиндердин саясий-экономикалык чечим кабыл алуу органдарынын ишине катышуусуна шарт түзүшү керек. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюму дүйнөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарын кабыл алган. Анда бешинчи максат катары кыз-келиндердин саясий-экономикалык чечим кабыл алуу органдарына катышуусу көрсөтүлгөн. Ошону ишке ашыруу үчүн Кыргызстан гендердик теңчиликти камсыз кылышы керек. Бул — мыйзам чегиндеги талап.

«Экинчиден, биз жана дүйнө жаңы ресурстарды издеп жатабыз. Дүйнөлүк экономикалык каатчылык келе жатат, укмуштай оор мезгилдерди белгилеп жатышат. Эмгек рыногунда толугу менен жаңы өзгөрүүлөр болуп жатат. Дүйнө жаңы ресурстарды издеп жатканда, биз эмне үчүн  аялдарды жумушка тартуу менен алардын күч-кубатын пайдалана албайбыз? Жалгыз эркек бир үй-бүлөнү бага албай калды.  Жалгыз эркек иштей турган секторлор да азайып жатат. Ар бир мамлекет экономикалык кубаттуулукту өнүктүрүүдө аялдардын кудуретин пайдаланууга багыт алды. Кыргызстан да үлгү алышы керек. Доор өзгөргөндө, аялдардын өлкөнү өнүктүрүүдөгү экономикалык кудурети далилденди. Мисалы, Союз ыдырагандан кийин алгач базарга ким чыкты? Аялдар. Алар «чаар баштык» менен үй-бүлө гана бакпай, экономиканын түшүп кетпешине өбөлгө түздү. Андан бери бирин-серин эле завод курулбаса, курулган жок. Кайрадан аялдар иштеген микроэкономикалык бөлүмдөр иштеп жатат: кийим тигүүчүлөрдүн баары аялдар, сулуулук бизнеси, жеке бала бакчаларда да аялдар. Булардын экономиканы өнүктүрүүдө өтө чоң орду бар», — дейт ал.

Ал  мыйзам чыгарууда жана чечим чыгарууда аялдардын орду өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Башмыйзамда Кыргызстан социалдык өлкө экени айтылып келе жатат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө аялдар социалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштейт.  Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн эн төмөнкү баскычтарында — аялдар. Керек болсо, соттордун көп пайызы аялдар. Анткени андай жерлерде жалаң кагаз менен, анан аз айлык менен иштөө керек. Экинчиден, Кыргызстан кедей өлкө. биз аялдардын жаратмандык кудуретин пайдаланышыбыз керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM