Connect with us

Кендирбаева: Аялдардын шайлоого аттанышына тоскоолдуктар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Ноя 2021 | 373 | 0

Бир мандаттуу округдан аял талапкерлердин аз болуп жатышына коомдогу көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн тоскоолдуктар себеп. Мындай пикирин «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бир мандаттуу округдан чыккан талапкер шайлоо фондуна 10 млн сомго чейин каражат бөлөрүн белгилеп, эркектер муну бир жолтандабастын баасы катары эле көрсө, аял кишилер мынча сумманы асманга чача бербесин билдирди.

Экинчиден, парламентте мурункудай укуктун жоктугу да аял талапкерлердин саны аз болуп жатышына таасир этиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, аялдын өзүнүн тарбияланып калган «ий, койчу, ал жакта эмне бар?» деген стереотиби.

Төртүнчүдөн, аялдын ошол округдагы кадыр-баркы, мурда эл оозуна алынгыдай иш кылган-кылбаганы да таасир этет.

«Биз Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар түзүмү аркылуу ошол шайлоого бараткан аялдарды окуттук. Аларга толугу менен шайлоо технологияларын, эмнеге баратасың, кандай иштеш керек, шайлоо компаниясын кандай уюштуруу керек деген маалыматтарды бердик.  Менеджерлик, оратордук маселелерди талдай билүү, көйгөйлөрдү көтөрө билүү, мыйзам чегинде иш алып баруу жана ошондой эле эффективдүү шайлоо компаниясын жүргүзүү боюнча окуттук. Тилекке каршы, бир нерсени байкадым, аялзатыбыз шайлоого капыстан эле чыга калып жатат. Буга бизди окуткан политтехнологдор да таң калууда. Аялдардын өзүнүн шайлоого бара турган даярдыгы болушу керек, жок дегенде 2 жыл, ары дегенде 5-6 жыл даярданып келип, элге таанымал болуп, элдин симпатиясына, саясий добушка ээ болууга даяр болушу керек»,  — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM