Биз менен байланышыңыз

Карыпбеков: Коомдук телеканал иштетүүгө бизге али эрте экен

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2021 | 296 | 0

Кыргызстанга коомдук телеканал иштетүүгө али эрте. Мындай пикирин медиаэксперт, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал таза, накта демократиялык өлкөгө коомдук телеканал өтө керек экенин белгилеп, биздин коом мындайга али даяр эмес экен деген оюн билдирди.

«Моралдык жактан дагы, каржылык жактан дагы, саясий маданияттын түптөлүшү жагынан дагы коомдук телеканалды кабыл алганга, иштеткенге азыр али эрте экен. Коомубуздун көпчүлүгү ага бышып жете элек экен. Ошондуктан жөн эле эки жүздүүлүк кылбай, КТРКны мамлекеттик телеканал кылып, мамлекеттин карамагына алып, ошол багытта реформа жасап алып баруу керек деген ойдомун. А коомдук телеканал негизи накта таза демократиялык өлкөгө, албетте, өтө керек нерсе», — дейт Карыпбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM