Биз менен байланышыңыз

«КТРК мамлекеттик болсо, башкы директордун башы оорубай калат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2021 | 625 | 0

КТР түзүлгөндөн баштап, мамлекеттин гана позициясын чагылдырып келген. Мындай пикирин медиаэксперт, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал КТРК элдин эсебинен жашаган мамлекеттик системанын бир бөлүгү экенин белгилеп, жаңы мыйзам кабыл алынса, ал телеканалдын контентине, мазмунуна, ошол эле маалыматтын чагылдырылышына эч кандай таасир этпей турганын билдирди.

«КТР буга чейин кандай чагылдырып келсе, жаңы мыйзам кабыл алынганда деле ошондой чагылдыра берет. Бир эле нерсе өзгөрөт: Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн кимисине жагам деп башкы директордун башы оорубай калат. Мен Байкоочу кеңеште отуруп кеткем да. Биз башкы директордун КТРКнын башкы менеджментинин бир жерине чыккан чыйканы эле болчубуз, же чече турган эч нерсебиз жок. Бийликке баары бир көз карандыбыз, элге болсо «көз карандысызбыз» деп мактанабыз. Ошондуктан кетирүү керек, жоготуу керек мунун баарын. Башкы директор жыргап калат, кандайдыр бир мамлекеттик шартта, мамлекеттик системада башка мамлекеттик органдар кандай өнүксө, КТР да ошондой эле өнүгөт. Мамлекеттик органдар өнүкпөсө, система чириген коррупциялык система болуп калса, КТРК деле ошондой система болуп кала берет. Азыркы бийликтин келгенине 1 жыл болду, булар реформа кыла алышса, толук түрдө өзгөртө алышса, ошондой өзгөрүү КТРге деле тийиштүү болот. КТР — мамлекеттин жүзү, бүгүнкү күндө кандай мамлекет болсо, КТР ошондой болот», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM