Биз менен байланышыңыз

«Чоң жыйырманын» саммитинде кандай чечимдер кабыл алынды?

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 1220 | 1

«Чоң жыйырмага» кирген өлкөлөрдүн жетекчилери 30-31-октябрда Римде өткөн 16-саммит боюнча жыйынтыктоочу баяндаманы жарыялады. Анда коронавирус пандемиясы, экономикалык коркунучтар, глобалдык климаттын өзгөрүүсү, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү чаралары боюнча бир пикирге келишкени айтылат.

Негизги маселелердин ичинде эмдөө сертификаты боюнча бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу жана пандемия шартында эл аралык каттамдарды жандантуу каралган.

Төмөндө «Чоң жыйырманын» белгилеп алган чараларынын негизгилерин тизмектедик:

COVID-19 пандемиясы боюнча 

  • коронавируска каршы вакцина жана дарыларды бардык адамга жете тургандай чыгаруу;
  • эл аралык каттамдарда бирдиктүү стандарттарды кабыл алуу, анын ичинде эмдөө алганы тууралуу сертификаттар боюнча да бирдей талаптарды коюу;
  • 2022-жылдын жарымына чейин дүйнөнүн 70%ын эмдөө;
  • пандемия шартында вакциналарды иштеп чыгуу мөөнөтүн 300 күндөн 100 күнгө чейин кыскартуу.

Экономика боюнча

  • экономикага коркунуч жаратуучу глобалдык таасирлер менен чогуу күрөшүү;
  • трансчек аралык коррупция жана салыктан качууга каршы күрөшүү;
  • пандемиядан кийин экономиканы көтөрүү;
  • туризмдин тез арада калыбына келтирүү иштерин уюштуруу;
  • эл аралык каттамдарды мурдагыдай жандантууга аракет жасоо;

Экология боюнча

  • глобалдык ысууну 1,5 даражада чектөө боюнча чараларды кабыл алуу;

 Энергетика боюнча

  • Өндүрүүчүлөр жана колдонуучулар ортосундагы диалогду жолго коюу;
  • энергия коопсуздугун арттыруу жолдорун үйрөнүү;

Миграция көйгөйлөрү боюнча

  • мигранттардын интеграциясы үчүн чараларды көрүү;
  • мигранттардын мыйзамсыз агымынын алдын алуу.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Гулбара

    01.11.2021 19:23

    Алга.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM