Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Балх аймагында кыздар мектепке бара баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 548 | 0

Ооганстандын Өзбекстан менен чектеш Балх облусунда кыздар мектепке бара баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов орусиялык басылмага берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын делегациясы Ооганстандын Балх облусуна барып, талибдер менен сүйлөшүү өткөргөндөн эртеси күнү кыздар да мектепке бара баштаган.

«Биз барып кеткендин эртеси секелек кыздар мектепке кайра бара баштады. Азыр бул облустан башкалары да өрнөк алып жатат. Талибдер аялдар билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда иштей беришине чектөө койбойт. Кыскасы, акырындык менен баары өзгөрүп жатат. Албетте, Ооганстандын өзүнө таандык менталитети бар. Алар өз үрп-адаты, диний ишеимдерине ээ болгон мусулман өлкөсү», — деп кошумчалаган Өзбекстандын тышкы иштер министри.

Комилов Ооганстан аймактык жана эл аралык саясаттын бир бөлүгү болуп саналарын, алар да толук кандуу өлкө болууга татыктуу экенин, дүйнөлүк коомчулук чогуу иш алып барышы керектигин белгилеген.

Учурда Өзбекстандын Термез шаарында да Ооганстандан келген өкүлдөр менен Өзбекстандын тиешелүү кызматтары ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM