Биз менен байланышыңыз

Карыпбеков: КТРК өз жашоосунда 2 жолу гана коомдук болгон

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2021 | 515 | 0

Медиаэксперт, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков КТРКны «коомдук» деген макамдан ажыратуу демилгесин колдойт. Ал мындай пикирин «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал КТРКнын коомдук деген аты гана болгон менен заты, юридикалык макамы мамлекеттик мекеме бойдон калганын билдирди.

«Коомдук телеканал өзүнүн жашоосунда 2 эле жолу 3-4 күнгө коомдук болгон. Биринчи жолу 2010-жылы; экинчи жолу өткөн октябрь окуяларында 2-3 күн коомдук телеканал болгон. Ошол күндөрү эч жактан эч кандай басым болбой, ар тарапты тең чагылдырган. Болбосо, башка учурларда бул канал саясий дагы, юридикалык жактан дагы мамлекеттин карамагында. Ошон үчүн көз боёомочулук кылбай эле Байкоочу кеңешти жоюп салып, мамлекеттик кылуу керек», — деди Илим Карыпбеков.

Ал Кыргызстанда коомдук телеканалдын бар экенине эл аралык уюмдар деле ишенбей калганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM