Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институтуна күнүнө 30-40 арыз түшөт

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2021 | 331 | 0

Акыйкатчы институтуна күнүнө арыз-арманы менен ондой жаран келет. Андан тышкары 20-30 арыз электрондук почта аркылуу, 115 номери, сайт аркылуу келип түшөт. Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Альберт Колоков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, арыздар мыйзамда каралган тартип менен жүргүзүлөт, бирок айрым бир соттук, резонанстуу иштер болуп калса, алар 6 айга чейин узарып кетет. Анда институт өзү регламентке ылайык узартып турат. Узартуунун себеби тууралуу жаранга маалымат берилет.

«Кээде болуп калат, мамлекеттик органдардан жооптор убагында келбейт, ар кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Ошондуктан биз мыйзамга ылайык мөөнөтүндө караганга аракет кылабыз. Маселен, жарандардын кайрылуу тартибинде 14 күн деп каралган. Биз түшкөн күндөн баштап, 14 күндө жооп бергенге аракет кылабыз. А эгер 14 күндө бүтпөсө, 1 айга чейин узартабыз, ал жөнүндө жаранга маалымат беребиз», -дейт ал.

Мыйзамда Акыйкатчыга кайрылуу мөөнөтү каралган, укугу бузулган жаран 1 жылдын ичинде кайрылышы шарт. Кээде «исключительный случай» деген бар, алар 2 жылга чейин укук бузуу боюнча кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM