Биз менен байланышыңыз

Колоков: Акыйкатчы институтуна кайрылуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2021 | 356 | 0

Омбудсмен жарандардын кайрылуусусуз, өз демилгеси менен да ишти карай алат. Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Альберт Колоков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Маселен, ЖМКларда кандайдыр бир укук бузуу тууралуу маалымат чыкса, ошол аймактагы өкүлдөр жөнөтүлөт.  Андан сырткары, балдардын укуктарынын бузулушу, зордук-зомбулук боюнча сигнал түшсө, тез арада жетип барып, тиешелүү органдар менен жеринен барып караганга мүмкүнчүлүгү бар.

«Себеп дегенде бала деген оюн айта албайт, арыздана, арыз жаза албайт. Ошон үчүн биз аны ыйгарым укуктун чегинде өз колубузга алып, демилгелеп иштерди карайбыз. Андан сырткары биздин 115 деген телефонубуз бар, түз байланыш. 115 телефонунда эртең мененки 9:00дөн 21:00гө чейин биздин кызматкерлер отурат, жарандарды кабыл алат, консультация берет. 21:00дөн эртең мененки 9:00гө чейин “голосовое сообщение” калтырса, алар келип угуп, анан эгерде укук бузуу биздин компетенцияга кирсе, аны биз каттап өндүрүшкө алабыз. А эгер мамлекеттик органдын карамагындагы иш болсо, биз жаранга телефон чалып, мамлекеттик органга чалып жарандын көйгөйүн билдиребиз», -деди Колоков.

Омбудсменге кайрылуу процедурасы абдан жөнөкөйлөштүрүлгөн. Алар келген жарандардын баарын кабыл алат. Алыс жактан келгендер дагы токтоосуз кабыл алынат. Айта кетүүчү жагдай, Акыйкатчы институтуна катталган арыз, дооматтардын баары бекер, мамлекеттик эч кандай алым жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM