Биз менен байланышыңыз

«Акыйкатчы институту — укук коргоонун кошумча механизми»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2021 | 666 | 0

Жарандарда сотко жеткирбей бүтүрө турган иштер болсо, Акыйкатчы институтуна кайрылса болот. Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Альберт Колоков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Омбудсмен институту дүйнөлүк практикада түздөн- түз укук коргоо органдарынын ишин кайталабайт, бул — укук коргоонун кошумча механизми. Жаран биринчи мамлекеттик органдарга түз кайрылат, алар өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай койгондо гана Омбудсмен институтуна кайрылат.

«Сот институту — дүйнөдөгү эң кымбат институттардын бири. Сотко кайрылыш үчүн арыздануучу пошлина төлөшү керек, андан сырткары жактоочуларды жалдап, аларга гонорар төлөшү керек. Соттук инстанция сөзсүз кандайдыр бир  соттук чечим же өкүм менен чыгат. Ага чейин жаран катышат, эксперттер дайындалат, ошон үчүн бул — дүйнөлүк практикада эң кымбат институттардын бири. Ага жаран  талаш-тартыш таптакыр чечилбесе, же кылмыштуулук болсо, ошондо барат. Сотко чейинки кээ бир иштер бар, ошол сотко чейинки иштердин механизмдери катары биз жардам беребиз», -дейт ал.

Адам укугу  — бул мамлекеттик орган менен жарандын ортосундагы мамиле. Адамдын укугун мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик органдар бузат. Ошол эле ички иштер органдары бузушу мүмкүн, прокуратура, айыл өкмөтү бузушу мүмкүн, ошол эле саламаттыкты сактоо, билим берүү органдары бузушу мүмкүн. Ошондой учурда Акыйкатчы институтуна кайрылышы шарт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM