Биз менен байланышыңыз

Чакан жана орто бизнес менен алектенгендердин 30%ы аялдар

Коом , Экономика | 29 Окт 2021 | 1451 | 0

Бишкек шаарында Орто Азиядагы ишкер аялдарга шарт түзүп берүү боюнча талкуу өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы коомдук уюмдар жана бизнес менен алектенген аялдар катышты. Иш-чарада ишкер аялдардын башын бириктирүү, ишмердигин өнүктүрүү жана жакшыртуу маселелери каралды.

«Бул долбоор Орто Азия өлкөлөрү жана Кыргызстандагы аялдардын башын бириктирген платформа болот», — деп белгилейт «Мутакалим» коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы. Ал ошондой эле Кыргызстандын бизнес чөйрөсүндөгү кыз-келиндер каржылык жана юридикалык терең билим алуусу, коомдо жаңы деңгээлге көтөрүлүшү зарыл экенин айтат.

«Кыргызстанда тармактык маркетинг менен бизнес ишмердикти алмаштырышат. Биздин айымдар арасында айырмаланбай келет. Ошондуктан окуутуларды өткөзүү биз үчүн маанилүү.. Эгерде ишкер айымдар өзүнүн өндүрүшүн Казакстан же Өзбекстанга чыгара турган болсо, алар бир топ кыйынчылыкка учурайт. Анткени «Ал өлкөнүн пантети кандай иштейт, салыкты кантип төлөйт?» деген сыяктуу маселелерден кабары болбосо, алдыга чыгуу кыйын. Андыктан ишкер айымдарга жаңы билимдер зарылчылыгы жогору деп эсептейм».

«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» корпорациянын жетекчиси Кеңешбек Сайназаров өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүндө аялдар жана кыздардын ишкердик менен алектенүүсү жакшы жөрөлгөлөрдүн катарында экенин белгилейт. Бирок өзгөчө басымды аймактардагы ишкер айымдарга жасоо керектигин, себеби шаарда мүмкүнчүлүктөр көп болгондуктан, аймактардагы ишкердик арта калып жатканын айтат.

«Бизнестин ичинде жүргөн аялдарга бул долбоор жаңы жүздөрдүн, коомдо, саясатта аялдардын деңгээлин жогорулатат деп ишенем. Бул долбоор үч багытта иш алып барат: биринчиси, ишкер аялдардын укуктарын коргоо жана кеңейтүү; экинчиси, кирешени көбөйтүү, жакшыртуу; үчүнчүсү, коомдо аялдарды таанытуу. Экономиканын жакшыруусуна аялдардын салымы, орду чоң экенин массалык маалымат айдыңында жайылтуу десем болот. Учурда «Борбор Азиядагы аялдарга ишкердик жаатында кандай тоскоолдуктар бар, кантип чечсек болот?» деген суроолордун негизде изилдөөлөр болду. Эми жер-жерлерде жолугушуу болот. Аялдардын дараметин көтөрүү максатында уюштурулду».

«Орто Азиядагы аялдардын бизнесин өнүктүрүү» долбоорунун аймактык координатору Асел Кубанычбекова кичи жана орто бизнес менен алектенгендердин отуз пайызы аялдар экенин, алардын бизнес кылуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, колдобосо, аялдардын ишкердик чөйрөдө орду басаңдап кетерин баса белгилейт.

«Аялдардын бизнес кылуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Коомдук уюмдарга жана ишкердик менен алектенген аялдарга долбоорду тааныштыруу болду. Анткени жакынкы эки жыл ичинде алар менен иштешебиз. Бүгүнкү күндө бизнес чөйрөсүндө алектенген аялдардын башын бириктирүү жана көйгөйлөрдү чогуу талкуулоо зарыл. Анткени Кыргызстанда көптөгөн ишкер айымдар бар. Бирок бизнес менен алектенгенде бир топ кыйынчылыктарга душар болушат. Мисалы, ишкана ачса, билим жетишпейт калат же акча жетишпейт калат. Аягында жапканга мажбур болот. Орто жана кичи бизнестин отуз пайызында аялдар болот. Бирок алар туруктуу эмес. Пандемия учурунда да ишкердик менен алектенгендердин көпчүлүгү зыянга учурашкан. Алардын арасында айымдарды да кездештирүүгө болот. Андыктан азыркы тапта Борбор Азиядагы бизнес чөйрөсүндөгү аялдар биригиши жана бири-бирин колдошу керек. Ошондо гана экономикалык өсүү жолуна түшөбүз». 

Бул долбоор өз ишин 2021-жылды август айында баштаган. 2023-жылдын аягына чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM