Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» университети дистанттык окууну каалагандарды кабыл алат

Блог , Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 744 | 0

«Ала-Тоо» университетинин Эл аралык дистанттык билим берүү борбору кыргызстандык жана чет элдик жарандарды аралыктан билим алууга чакырат.

Дистанттык окуу кайсы бир багытта билим алып, адистикке ээ болууну каалаган, бирок университетке келип окууга убактысы жок адамдар үчүн ыңгайлуу. Эл аралык дистанттык билим берүү борборунда студенттерге 24/7 форматында кайсы жакта экенине карабай, каалаган мугалиминин жардамы менен окууга мүмкүнчүлүк берилет. Университетте тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген адистер иштейт. Окуу жайда дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырттан окутуу формасы боюнча билим берүү кызматы көрсөтүлөт.

Аталган борбор эл аралык деңгээлде башкаларга атаандаш боло алган, билимдүү адистерди даярдайт. Дистанттык билим берүүдө жаңы технологияларды колдонот.

Окуу жайдын негизги билим берүү программасын аяктаган студенттер өз адистиги боюнча бакалавр же магистр квалификациясын алуу менен мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болушат.

Бакалавриатта «Менеджмент» багыты боюнча окуу акысы жылына Кыргызстандын жарандары үчүн 1500 доллар жана чет элдиктер үчүн 3500 миң долларды түзөт. Окуу мөөнөтү — 5 жыл.

Ошондой эле магистратурада дистанттык түрдө окууну каалагандар «Менеджмент» жана «Педагогика» багытында билим ала алышат. Кыргызстандыктар үчүн окуу акысы 1000 доллар, ал эми чет өлкөлүктөр үчүн 3500 доллар. Окуу мөөнөтү 2,5 жыл.

«Ала-Тоо» эл аралык университети Кыргызстандагы сапаттуу билим берген, жаңычылдыкка басым жасаган окуу жай болуп саналат. Бул окуу жайды аяктагандардын арасында бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеп жүргөндөр арбын.

Окуу жай менен байланышуу: Кыргызстан, 720048, Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, Анкара (мурдагы Горький) көчөсү 1/8, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Д блогу, 106;

Электрондук дарек: dlc@iaau.edu.kg 

Тел: +(996) 555 82 00 00 – «Ала-Тоо» эл аралык университети;

+(996) 504 41 11 14 – Эл аралык дистанттык билим берүү борбору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM