Биз менен байланышыңыз

Алиев: Банктык маалыматты алуу боюнча норманы туура эмес түшүнүштү

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2021 | 221 | 0

Салык кодексинин жаңы редакциясында банктык маалыматтардын салык органдарына берилиши тууралуу туура эмес маалымат тарап кетти. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай норма мурдагы Кодексте деле бар болчу. Ал боюнча азыр жалпы ишкерлердин санынын 3-4%ынын гана банктык маалыматтары текшерилсе, жаңы редакцияда бул сан дагы азаят.

«Иш тартибинде жасалган көптөгөн банктык маалыматтар салык органдарына берилет экен деген туура эмес маалымат тараган үчүн банктык чөйрөнү биз кичине козголтуп алдык. Акырында келип, биз аларга көрсөтүп, түшүндүрүп айттык. Бул жерде кичинекей гана норма турат. Банктык маалымат болгону эсеп ачууда, же эсебин жабууда гана берилет. Бул эч кандай сыр болбош керек. Кайсы компания келип атат, кимиси кетип атат, биз аны билишибиз керек. Бул мурдагы кодексте деле бар болчу. Азыркы кодекстеги өзгөчөлүгү салык кодексинин шарттарына, мыйзамдарына ылайык, текшерүүгө чечим чыккан гана ишкерге банктык маалыматты салык органдарына берүүсү каралды. Азыркы күндө ишкерлердин жалпы санынын 3-4%ы текшериле турган болсо, жаңы кодекс боюнча текшерүүлөр мындан да азаят. Бул 1-2%га гана тете», — дейт ал.

Бекболот Алиев мындай текшерүүлөр банктык мыйзамга каршы келбей турганын айтты. Анын айтымында, салыктык купуя сыр, банктык купуя сыр, же коммерциялык купуя сырдын объектилери, субъектилери болот. Бул субъектилерге салык органдары да кирет. Демек алар банктан купуя сырга ээ маалымат алса, аны колдонуу эрежелерин так аткарып иштешет. Аны аткарбаган салык органынын кызматкери жазасын алат. Андыктан чочулоого негиз жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM