Connect with us

Калыгул Салиев: Ишкер өнүксө, экономика өнүгөт

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Окт 2021 | 431 | 0

Ишкер өнүксө, экономика өнүгөт. Андыктан ишкер менен мамлекеттик органдардын  ортосундагы талаш-тартыштарды азайтуу керек. Мындай пикирин укуктук талдоочу, отставкадагы судья Калыгул Салиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кандай гана өлкө болбосун, экономиканын негизги бөлүгүн ишкерлердин салымы түзөт. Ишкерлер төлөп жаткан салыктан, өлкөгө кирип чыккан товарлардан төлөнгөн бажылык төлөмдөрдөн гана бюджет куралат. Ал бардык мамлекеттик чыгашаларды жабууга жумшалат.

«Андыктан ишкерликке бут тоспой, ишкерлер менен ишкерлердин ортосунда ошондой эле ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда талаш-тартыштарды азайтуу керек. Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн, сырттан инвестицияларды тартуу үчүн бул жерде ишкерлер менен чыр-чатактарды азайтуубуз керек. Аны азайтуунун жолдору аябай көп», — дейт Калыгул Салиев.

Ал чыр-чатакты сүйлөшүү жолу менен же медиаторлордун, бейтарап соттордун жардамы менен чечсе болорун билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM