Биз менен байланышыңыз

Турдубеков: Учурда Кыргызстандын 16 инвестор менен чыр-чатагы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Окт 2021 | 269 | 0

Дүйнөдө «Кайсы өлкөнүн инвесторлор менен чыр-чатагы көп?» деген рейтинг бар. Кыргызстан ал рейтингде алдыңкы 20 мамлекетке кирет. Бул тууралуу IFCнин юрист консультанты  Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн 16 инвестициялык талаш-тартышы бар.

«Талаштардын баары арбитраждык сотто каралат. Демек, чоң инвесторлор бизге келердин алдында инвестициялык климатты, административдик талаш-тартыштардын бар-жогун, санын карайт. Мамлекет ишмердик жүргүзүүгө шарттарды түзөбү-түзбөйбү, ал жагы каралат. Ошон үчүн биз Doing business эл аралык рейтингинде 80-85-орунда турабыз деп ойлойм», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM