Биз менен байланышыңыз

«Баланын дин боюнча мектептен сырткары билим алуусуна тыюу жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Окт 2021 | 245 | 0

Окуучунун мечитке, же медресеге барып, ислам сабактарын алуусуна эч ким тыюу салбайт. Бул тууралуу «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бизде жалаң мусулмандар жашабагандыктан, мектептерге ислам сабактарын киргизүү анча туура болбой каларын белгиледи.

«Азыр Кыргызстанда көп дин өкүлдөрү жашагандыктан, концепциянын негизинде 5 жылдын ичинде 56-57 пилоттук мектепке дин таануу сабагы киргизилген. Окуу китебин Илимдер академиясы эксперттер менен биргеликте жазып чыгышкан. Аны апробация кылып, тарыхтан берген мугалимдердин деңгээлин көтөрүп, дин тарыхын окуучуларга кандай өтүү керектигин түшүндүрүп беришти. Эгерде бала ыйман сабагын окугусу келсе, буга да эшик ачык.  Анткени Кыргызстанда 108 медресе, 9 институт, 1 Ислам университети бар, андан башка дагы 60ка жакын борборлор ачылган, 2800дөн ашык мечит бар. Бала ошол мечитке барып, ата-энесинин каалоосу менен өзү каалаган динди окуса болот, ага эч ким тыюу салбайт. Бирок мектептерде эл аралык негиздерге карманып, диндин тарыхы гана берилет», — деди Жамал Фронтбек кызы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM