Биз менен байланышыңыз

Антимонополия агенттиги көмүрдүн наркын кымбат бекиткенби?

Экономика | 26 Окт 2021 | 1247 | 0

Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттаганы элдин нааразылыгын пайда кылган. Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн туруктуу наркын бекиткен. Ал агенттиктин сайтына жарыяланган.

Бирдиктүү баа  агенттик тарабынан 90 күн бою тыкыр көзөмөлдөнүп, талапка баш ийбеген көмүр кампалардын кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков өзү Бишкектеги көмүр саткан жерлерди кыдырып чыкканын жана баа салыштырмалуу төмөндөгөнүн айтты.

«Кечээ жумушчу топ менен бирге кыдырып чыктык. Алсак, кампалардагы импорттук көмүрдүн баасы 4 500 сомдон аша элек. Ал эми жергиликтүү көмүр 5 200-5 300 сомго чыгып кетиптир. Азыр 4 800 сомдун тегерегинде сатылууда. Бир жуманын ичинде анын баарын иретке келтиребиз. Учурда элдин көмүргө болгон суроо-талабы күчөдү. Баасы көлөмүнө жараша болот. Запасы аз болсо, баасы да кымбаттайт. Өкмөттүн №243 токтому бар. Ага ылайык, атайын эреже иштелип чыккан. Көмүрдүн наркын белгилөөдө дүң баасын эске алдык. Ошондой эле жеке ишкерлердин кызыкчылыктарын, салык, тейлөө, транспорт жана башка чыгымдарды эске алуу менен баалардын жогорку деңгээли аныкталды. Баанын туруктуулугун көзөмөлдөө үчүн бардык аймактарда тийиштүү жумушчу комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ар бир кампанын каттоосун алдык. Ал жактан ташып келген унаалардын да каттоосун алып жатабыз. Көмүрдүн кымбатташына ташып келген ишкерлер таасир берип жатат десек болот. Көмүр кампалары менен ташып келгендердин ортосунда сүйлөшүү болушу мүмкүн. Аны четке кага албайбыз. Бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Агенттик койгон баанын негизинде саткыла деп, аларга 2-3 күндүк убакыт берилген».

Евразия Экономикалык Комиссиясынын эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Оксана Горьянова агенттик бир канча механизмди колдонуп жатканын айтты.

 «Учурда Мамлекеттик агенттик өз ишинде үч жумушчу механизмди колдонот:

— бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун сакталышын көзөмөлдөө максатында Мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин, салык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана жер-жерлерде Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ичинен жумушчу топтор түзүлөт;

— көмүрдү сатууда мыйзам бузуулар аныкталган учурда мамлекеттик агенттик өз ыйгарым укуктарынын чегинде бузууларды четтетүү жана бааларды мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү жөнүндө буйрук чыгарууга укуктуу;

— салык салуу механизми.

Баш ийбеген сатуучуларга «Бузуулар жөнүндөгү» Кыргызстандын мыйзамына ылайык, 3 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул салынат».

Ал эми Табигый монополияларды жөнгө салуу жана үстөмдүк кылуучу субъекттерге мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Оморовдун айтымында, буга чейин «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы траспорттук чыгымдарды эске албай туруп, бааларды жарыялап салган.

«Ишкана тарабынан берилген тизме боюнча республиканын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыз кылуучу 21 ишканага көмүрдүн дүң баасын бекиткен. Мында көмүрдүн баасынын минималдуу деңгээли тоннасына 1250 сом, максималдуу деңгээли тоннасына 1350 сом өлчөмүндө белгиленген. Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги аныктаган баа «Кыргызкөмүр» ишканасына салыштырмалуу кымбат чыгып калган. Агенттик бардык чыгымдарды эске алуу менен гана бааларды аныктады. «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилигине да агенттик тарабынан массалык маалымат каражаттарына жалган маалыматтардын берилбеши үчүн эскертүү берилген. Бул да калк арасында түшүнбөстүктөрдү пайда кылат. Анткени жарандар базаларда көмүр 3500 деп эсептешет, бирок андай нерсе жок».

Өлкө боюнча жылына орточо 3 млн 19 миң тонна көмүр жагылат. Анын 1 млн 126 миң тоннасы калктын керектөөсүнө, 1 млн 650 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине, 243 миң тоннасы башка бюджеттик мекемелерге жумшалат. Чарба жүргүзүүчү ишканалардын мамлекеттик реестрине 11 көмүр казуу ишканасы кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM