Биз менен байланышыңыз

«Тамак-аш объектилерин текшерүү Экономика министрлигинин уруксаты менен жүрөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2021 | 230 | 0

Буга чейин тамак-аш объектилерин текшерүүгө мораторий болгондуктан, биз алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү менен гана чектелип келдик. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик департаментинин дарыгери Алтынай Молдобек кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алдын алуу иш-чаралары негизинен массалык маалымдоо каражаттары тарабынан жүргүзүлөт. Мисалы, макалалар жазылат, тамак-аш объектилерине буйрук, тапшырмалар берилет, базарлардагы радио түйүндөр аркылуу тамак-ашка уулануудан сактануу жолдору айтылып турат.

«Азыркы күндө мораторий алып салынды. Бирок алынган күндө деле биз Экономика министрлигинен уруксат алып туруп гана текшере алабыз. Бизде портал бар, ал аркылуу атайын текшерүүлөргө план түзүлөт,  кайсы объект качан текшерилери жазылат. Анан Экономика министрлиги макулдук бергенден кийин гана текшерүүгө чыгабыз. Азыркы учурда 4-кварталга текшерүүгө уруксат бере элек, бизде план түзүлгөн. 2022-жылдын I кварталынан баштап текшерүүгө уруксат алабыз деген ойдобуз. Бул жерде биз Экономика министрлигинен көз каранды болуп жатабыз», — дейт ал. .

Ал эми мораторий күчүндө турганда 2 учурда гана текшере алышчу. Биринчиси, тамак-аштан уулануу болгондо; экинчиси, жарандардын кайсы бир тамактануу жайынын үстүнөн арыз түшкөндө. Биринчи учурда адам өмүрүнө кооптуулук жаралган үчүн Экономика министрлигинен уруксат талап кылынбайт. Экинчи учурда текшерүү министрликтин уруксаты менен гана жүрөт.

«2020-жылы мындай арыздардан 200гө жакыны түшкөн. Алардын ичинен Экономика министрлиги уруксат бергендерин барып текшердик», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM