Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Уулангандар негизинен роллы жешкен

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2021 | 426 | 0

«Империя пиццы» кафесинде уулангандар негизинен роллы жешкен. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик департаментинин дарыгери Алтынай Молдобек кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын  айтымында, жалпы жабырлануучулар 22-октябрда үйүнө тамак буйрук беришкен. Негизинен «Хосомаки яки», «Окинава», «Ассорти» деген 3 роллыдан турган сет буйрук кылышкан, андан тышкары ысык түрдөгү пицца.

«Булар 23үнөн тарта территориалдык ооруканаларга кайрылып башташкан. Биринчиден болуп, Темир жол ооруканасына кайрылышкан, ошондон тартып эле шаардык мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборундагы биздин адистер эпидемиологиялык изилдөө жүргүзө башташкан: кандай тамактарга буйрук берилген, аталган кафенин канча филиалы бар экени такталган.  Негизинен Чүй облусу боюнча 18 филиал, анан полуфабрикаттарды даярдаган бир филиал бар экен. Ошол филиалдарга барышып, ал жактан лабораториялык анализдерге 40 түр ассортимент алынган. Андан тышкары суудан анализдер алынып, тиешелүү лабораторияларга берилди. Азыркы учурда лабораториялык анализдер чыга элек, бүгүн же эртең чыгат»,  — деди дарыгер.

Оорулуулар уулануунун симптомдорун ооруканаларга барып такташкан, ал жактан дагы эпидемиялогиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Көбүндө алы кетүү, ичи өтүү, кусуу, дене табы көтөрүлүү белгилери байкалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM