Биз менен байланышыңыз

Нурбек Орозалиев: Венгерлер бизди боордош катары көрөт

Блог , Коом | 24 Окт 2021 | 1127 | 0

Кыргызстанда билимдин аркасынан кууп, чет жерге кеткен жаштарыбыз арбын. Алар өзүнүн жаркын келечеги үчүн жакшы билим алып, аны менен бирге алган билимин өлкөсүнүн келечеги үчүн пайдалануу максатын көздөп, чет жерге кетишет.

Нурбек Орозалиев да билимин тереңдетүү үчүн чет жерге, тагыраагы, Венгриянын Будапешт шаарына магистратурага окууга кеткен. Учурда окуусун аяктоо алдында турат. Ал «Маралга» курган маегинде  Венгриядагы окуусу тууралуу азыноолак айтып берди. 

— Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

— Мен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынан болом. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, агам жана карындашым бар. 2013-жылы Баткен облусттук гимназия-жатак мектебин бүтүрүп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика факультетине тапшыргам. Ал жерди 2018-жылы артыкчылык диплому менен аяктагам. «Манаста» окуп турган кезде, 2017-жылы алмашуу программасы аркылуу Түркиянын «Анадолу» университетинде билим алып келгем. Учурда Венгриянын Будапешт шаарында магистратура даражамды жактоо алдында турам.

Венгрияга окууга кантип тапшырып калдыңыз? Кайсы багытта билим алдыңыз?

— Мен тапшырган программа Венгрия менен Кыргызстандын ортосунда келишим катары түзүлгөн. Ал Stipendium Hungaricum Scholarship Program деп аталып, венгер өкмөтү каржылайт. Программа жыл сайын дүйнө жүзүнөн 5 миңден ашык студентти кабыл алат. Кыргызстандык студенттерди 2017-жылдан тарта кабыл алып баштаган.

Бул программа тууралуу 2018-жылы уккам. 2015-жылдан баштап магистратураны чет мамлекетте окууну кыялданып, батыш өлкөлөрүнө артыкчылык берип келгем. Анткени менин тармагым боюнча батыш өлкөлөрү мыкты деп саналат. 2015-жылы бул нерсе мен үчүн жөн гана кыял болчу. Себеби бул кыялыма жетүүм үчүн өтө көп эмгектенишим керек эле. Эң чоң маселе англис тили болду. Анткени ал убакта англис тилин жакшы билчү эмесмин. Адам баласы бир нерсени кыялданып, чын жүрөктөн каалоосу болсо, ага сөзсүз жетерине ары татаал, ары уйкусуз түндөрдөн кийин программага өткөн соң чын эле ишендим.

2018-жылы кышында тапшырып, көптөгөн этаптардан өтүп, «Манас» университетинен бир кыз жана мен финалдык баскычка жеткенбиз. Башында КР Билим берүү жана илим министрлигинин бардык сынактарынан өтүп, университеттин да сынагын ийгиликтүү тапшырдым. Андан кийин TEMPUS фонду каржылаган стипендиянын жыйынтыгын күтүп калдым. Август айында мага стипендия берилбей турганын кабарлашты. Ушунча мээнет кеткен соң мындай кабар алуу оңой эмес болду. Ошондо апам: «Уулум башыңды бийик тут, бул сенин акыркы мүмкүнчүлүгүң эмес, келерки жылы сөзсүз өтөсүң», — деп дем-күч берип, мени дагы да шыктандырып койду. Бир жыл эмгектенген соң, кайра 2019-жылы тапшырып, учурда Венгриянын жана Борбордук Европанын экономика тармагында эң мыкты деп эсептелген Corvinus University of Budapest окуу жайында экономикалык анализ факультетин аяктоо алдында турам.

Венгрияга барып окууну каалаган жаштар эмнени билиши керек, окууга өтүү үчүн кандай талаптар бар? Венгрияда билим алууну каалагандар үчүн кандай кеңеш, сунуш бере аласыз?

— Бул жакка келип окууну каалаган жаштар эң биринчиден тил билиши керек. Англис тилин мыкты билүү, окуудагы жетишкендиги, коомдук иш-чаралардагы активдүүлүк, максат, план жана талыкпас эмгек жетиштүү болот.

Бул программа боюнча 2017-жылы биздин өлкөгө 25 гана квота бөлүнсө, жыл сайын көбөйтүлүп отуруп, учурда 150гө жетти. Келерки жылы 200гө жетип калат. Ошондуктан окууга өтүү мүмкүнчүлүгү 2-3 жыл мурдагыга караганда бир топ жогору. Программага өтүү үчүн алгач КР Билим берүү жана илим министрлигинин сынагынан өтүү керек. Андан соң тапшырган университет жекече сынак алат. Сынак жазуу жана сүйлөшүү же жөн гана сүйлөшүү болушу мүмкүн. Ар бир университеттин талабы ар башка. Программага тапшырганда 2 университетти тандаса болот. Мисалы, биринчи университетке өтпөй калгандар экинчисине тапшыра алат. Университеттин сынагынан ийгиликтүү өткөн соң, акыркы чечимди TEMPUS фонду чыгарып, стипендия жана визага керектүү кагаздарды жиберет. Былтыр Венгриянын Бишкектеги элчилиги ачылып, виза берип баштады. Ошондуктан визага документ тапшыруу бир топ жеңил болот.

Жаштар эч качан өзүн чектебеши керек. Башка ийгиликтүү адамга өзүңөрдү салыштырып, өзүн андан ылдый көрбөшү зарыл. Башты бийик көтөрүп, дайыма аракетте болгула. Ийгилике жетүү үчүн 1% талант жана 99% аракет керек.

Сиз окуу менен бирге иштегенге да үлгүрчү экенсиз. Чет жерден келгендер үчүн жумуш табуу кыйын эмеспи? 

— Ооба, окуу менен бирге дайыма иштедим. «Манас» университетинде окуп жүргөндө да иштечүмүн. Ата-энемден акча суроо мен үчүн өтө оор болчу.

Будапештке 2019-жылы сентябрь айында келген соң камсыздандыруучу карточкам жок болгондуктан жумушка кире албадым. Карточканы декабрь айында алып, жумуш карап баштадым. Ошентип 2020-жылдын февраль айынан баштап иштеп баштадым. Жумуш графигимди окуума тоскоол болбой тургандай кылып түзүп беришти. Ошондуктан окуума да, жумушума да жетиштим.  Бул жакта студенттер жумуш визасы жок эле жумасына 20 сааттан ашык эмес убакыт иштей алышат.

Пандемияга чейин жумуш табуу бир аз да болсо жеңилирээк болчу. Учурда бир аз кыйын. Жумуш табуу үчүн тажрыйба жана кошумча тил өтө маанилүү. Бир гана англис тилин билүү жетиштүү болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан учурда немис тилин окуп жатам. Ошондой эле күн сайын жумушумда орус жана түрк тилдерин колдоном.

— Стипендия студенттин бир айлык жашоосуна жетеби? 

— Жатаканада жашабаган студенттерге 83 миң форинт (230 евро) жана жатаканада жашагандарга 43 миң форинт (120 евро) стипендия берилет. Жатаканада жашаган студенттерге бир айга 43 миң форинт жетиштүү болот. Анткени азык-түлүктүн баасы Кыргызстандан көп деле айырмаланбайт. Кыргызстанда жашай турган үйүң болсо, айына 12 миң сомго кенен жашаган сымал. Ал эми батир же бөлмө туткандарга 83 миң форинт бир аз жетиштүү болбой калышы мүмкүн. Себеби батирдин бир айлык ижара акысы кымбат. Мен бир бөлмө үчүн 80 миң форинт (220 евро) төлөп жашап келгем. Ошондуктан жатаканада жашабаган студенттерге иштөөгө туура келет, болбосо үй-бүлөсүнөн акча алышат.

Будапештте же жалпы Венгрияда эле билим алган, иштеген мекендештерибиз көппү? Алар менен жолугушуп турасыңарбы?

— Жыл сайын квота санына жараша студенттер келип отуруп, учурда жаңылбасам Венгрия боюнча 300-400 мекендешибиз бар. Алар бир гана студенттер эмес, иштегени жана үй-бүлөсү менен келгендер да бар. Чоң жолугушууларды жылына 2-3 жолу өткөргөнгө аракет кылабыз. Ал эми жакын инсандар менен чакан жолугушууларды бат-бат өткөрүп турабыз. Бири-бирибизди конокко чакыруу салтка айланган.

— Кыргызстан менен Венгрия элинин мүнөзүндөгү кандай окшоштуктарды же айырмачылыктарды байкадыңыз? Сизди Венгрияда эмне таң калтыра алды?

— Венгерлер – булар мажарлар. Гундардан тараган, негизи Аттиланын урпактары жана булар көбүнчө кыпчак. Ошондуктан кыргыздар жана башка түрк тилдүү элдер менен боордош эл. Деген менен бир топ кылым мурда бул жакка келип жайгашып, башка улуттар менен ассимиляция болуп отуруп менталитети, мүнөзү такыр башка. Ошол эле учурда кээ бир окшоштуктар дагы деле эч өзгөрүүсүз сакталып калган. Мисалы балтаны булар да «balta», алманы «alma», курултайды «kurultaj» (окулушу курултай) дейт. Андан тышкары бир топ 100% окшош сөздөр бар. Ошондой эле мажарлардын эң жактырган улуттук тамагы – гуляш. Көк бөрү, эр эңиш жана башка ат оюндары улуттук оюн катары саналат. Атайын федерация да бар. Былтыр 25-октябрда көк бөрү боюнча эң алгачкы Улуттук чемпионат болуп, ага катышып келдик. Кыргыздардын көк бөрү оюнуна суктанышарын билдирип, ал деңгээлге жетүү үчүн аракет кылып жатканын айтып ичибизди жылытышкан эле.

Кыргыздарды билгендер жана билбегендер да бар. Футбол боюнча Евро-2020 чемпионатында Венгрия менен Португалиянын оюнун көрүү үчүн стадионго желек жана ак калпак менен баргам. Бир топ мажарлар мага келип «Кыргызстандан болосузбу?» деп сураганда кубанганымды айтпаңыз. Кыргыздарды, биздин желекти, ак калпагыбызды, боордош эл экенибизди билерин айтышып, бир топ маек курганбыз.

 

Мени бул жакта эң чоң таң калтырган жана суктандырган нерсе – коомдук транспорт. Өтө ыңгайлуу, жөнөкөй, түшүнүктүү жана жогорку сапаттуу. Мындай кооз шаар, экономика эл жапырт аракет кылып, жоопкерчиликти албаганда курулмак эмес. Ошондуктан биз да баарыбыз жапырт аракет кылып, жоопкерчиликтүү болуп, шайлоолордо алданбай, жарандык милдетибизди так аткарсак, күчтүү мамлекетти кура алабыз! Биздин да колубуздан келет!

— Маегиңизге ырахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM