Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кен байлыктарды эми мамлекет өзү гана иштетет

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 400 | 0

Мамлекетте алгачкы ирет жер казынасын иштетүү боюнча көлөмдүү мыйзам иштелип чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айтты.

Өлкө башчынын айтымында, жер казынасын иштетүү боюнча мыйзам долбоору кылдат иштелип, буга чейин кен казуу иштериндеги карама-каршылыктар толук жоюлган.

«Эми кендерди бир гана мамлекет өзү иштете алат. Ошондой эле кендердин калдыктарын рекультивациялоо иштери үчүн бөлүнгөн акча каражаты банкта атайын эсепте сакталат», — деп кошумчалады ал.

Президент кендерди мамлекет мындан ары өзү гана казып аларын, бирок мыйзам буга чейин иштеп жаткан кендерге тиешелүү эмес экенин белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, бүгүн 23-октябрда өлкө башчы журналисттерге маалымат жыйын өткөрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM