27-октябрда Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик Инновациялык борбордун расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатент маалымдады.
Инновациялык борбор Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында түзүлгөн. Китепкананын бошотулган бөлмөлөрү Инновациялык борбордун төмөнкү компоненттерине кайра жабдылган:
— Fablab – прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория;
— Youth iLab — балдар лабораториясы;
— Заманбап жабдуусу менен коворкинг-зона;
— конференц-зал;
— жолугушуу бөлмөлөрү;
— патенттик-техникалык фонд.
Расмий ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Евразия патенттик кеңсесинин жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, аймактагы патенттик мекемелердин, дипломаттар корпусунун өкүлдөрү, инновациялар жана креативдүү экономика, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, стартапчылар жана Кыргызпатенттин өнөктөштөрү катышат.
Инновациялык борбордун расмий ачылышынын алкагында «Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновациялар экосистемасын өнүктүрүү» эл аралык форуму өткөрүлөт.
Форум инновациялар экосистемасын түптөөнүн келечегин талкуулаган негизги аянтча болуп берет, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасы жаатындагы өкүлдөрдүн, аймактагы патенттик мекемлердин өкүлдөрүнүн жана эксперттердин сунушу менен Инновациялык борборду өнүктүрүүнүн жол картасын жана планын иштеп чыгууга шарт түзөт.