Биз менен байланышыңыз

Массалык уулануу тамактануучу жайларга карата мораторийди алдырды

Ден соолук , Коом | 26 Окт 2021 | 2605 | 0

23-24-октябрда тамактан ууланган 120 адамдын ооруканаларга кайрылганы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Мындан улам тамак-аш коопсуздугу маселеси кайра жанданып, тиешелүү мамлекеттик органдардын бир катар чечимдерди кабыл алуусуна түрткү болду.

Алгач 12 адам темир жол ооруканасына алып келинген болсо, андан кийин 85 жаран ушул эле диагноз менен кайрылган. Акыркы маалыматта уулангандардын саны 120га жеткени, алардын 22си учурда стационарларда дарыланып жатканы айтылды.

Ууланган адамдардын баары Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинен суши-ролл жешкен. Буга байланыштуу ресторандын бардык бөлүмдөрү убактылуу жабылып, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тиешелүү органдар менен биргеликте текшерүү иштерин баштады.

Департаменттин тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев окуя боюнча бизге мындай маалымат берди:

«Кафенин жумушчулары да анализ тапшырып жатышат. Бүгүнкү күндө «Империя пиццы» кафеси ишин токтотту. Маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасына кайрылгандардын саны 120 адамга жакындады. Шаардык балдар ооруканасында 14 бала дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн». 

Бишкек шаарында «Империя пиццы» кафесинин 17 түйүнү бар. Алардын баарынан тамактын 35 түрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Коомдук тамактануу жайларына текшерүү, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Өкмөтү 2018-жылдын 17-декабрында кабыл алган «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтому тоскоолдук жаратып келген.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Кадыкееванын айтымында, чектөөлөрдөн улам ушундай жагдайлар болгондо гана текшерилбесе, көп учурда көзөмөл жүргүзүлбөй калган.

«Азыркы учурда мораторий жарыяланган. Андыктан көзөмөлдөө иштерин жүргүзгөн жокпуз. Ушундай массалык түрдө адамдар ооруканага түшүп калганда гана текшерүү жүргүзүлөт. Азыркы учурда так маалымат жок. Лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин гана так маалымат жибере алабыз». 

Ал эми «100дөн ашык адам тамагынан ууланды» делген «Империя пиццы» кафесине кайрылганыбызда, жетекчилиги изилдөө иштери жүрүп жаткандыктан, азырынча комментарий бере албай турушканын айтышты.

Тамак-аш коопсуздугуна чоң көңүл бурган жарандык активист, «Не сахар» долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Көкүлов жапырт ууланган окуя боюнча өз оюн билдирди.

«Негизи эле тамак-ашта санпин болушу керек. Ошондо гана тамак-аш таза жана адал болот. Бизде тилекке каршы, санпин эмне экенин билишпейт. «Биздин балдарыбыздын бүгүн жеген тамагы — эртеңки ден соолугу» деп ар дайым айтып келем. Күнүнө көптөгөн адамдар кайрылат: «Балам оор абалда, тамактан ууланды», — деп. Жакшынакай эки жаштан эмнеге оорулуу бала төрөлөт? Ойлонуп көргүлөчү. Тамак-аштан жана экологиядан башка эмнеден болушу мүмкүн? Азыркы учурда базарларда, дүкөндөрдө абал өтө оор экен. «Не Сахар» долбоору чыкканына эки жарым жыл болду. Долбоор башталганда абал мынчалык оор экени оюма да келген эмес. Тамшанып жеп жаткан кээ бир тамак-ашыбыздын мөөнөтүн алмаштырып салышарын, жараксыз экенин ким ойлоптур?! Тилекке каршы, бул көрүнүш Кыргызстандагы соода түйүндөрүнүн көбүндө, жадагалса чоң дүкөндөрдө, кампаларда да бар. Мөөнөтүн алмаштырган соң, өз баасынан бир аз арзандатып сата бермей. Өз кызыкчылыгын ойлоп, бизнеске айлантып алганы өкүнүчтүү!» 

Ал ортодо Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда тамак-аш даярдаган жана саткан ишканаларды текшерүүгө киргизилген мораторий алып салынганын кабарлады. Тактап айтканда, жогоруда сөз болгон токтомдун 1-пунктуна бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Буга ылайык, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери жалпы өлкө боюнча тамактануучу жайларды текшерүүгө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM