Биз менен байланышыңыз

Өсүмдүк майын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

Блог | 20 Окт 2021 | 935 | 0

«Үйдө эң зарыл жети нерсе болушу керек» деп айтылат. Ошол зарыл болгон жети нерсе: отун, идиш-аяк, ун, туз, май, чай, татымал.

Алардын ичинен тамак жасоодо дамамат колдонгон өсүмдүк майы адамдын организмине керектүү заттардын эң маанилүү булагы болуп саналат.  Бул майлардын ар бир түрүнүн өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар.

Өсүмдүк майын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Ал эми организмге зыян келтирбөө үчүн майды кантип колдонуу керек?

  1. Өлчөмүнөн ашыра колдонбоңуз;
  2. Майдын бир түрү менен эле чектелип калбаңыз;
  3. Тамак жасоодо бышыруу ыкмаларына ылайык түрлөрүн пайдаланыңыз;
  4. Кызытуу учурунда температурасын көзөмөлдөңүз.

Изилдөөлөргө ылайык, өсүмдүк майын каныкпаган май кислоталары менен колдонуу кандагы холестеролду түшүрүүгө жардам берет. Демек, бул азык малдын майынын ордуна колдонулат.

Кайсы өсүмдүк майы пайдалуу?

Жүгөрү майы

Өсүмдүк майынын бул түрү көптөгөн витаминдерге, минералдарга жана каныкпаган май кислоталарына бай. Мындан тышкары жүгөрү майынын курамында ситостерол жана фосфолипиддер бар, алар кандагы холестеринди азайтууга жардам берет. Бул заттар гипертония, гиперлипидемия жана гипергликемия сыяктуу оорулардын алдын алууда жана дарылоодо көмөкчү боло алат.

Бул түрдөгү май жогорку температурага туруштук бере албайт. Бул майда Е витамини башка өсүмдүк майларына караганда алда канча көп болот. Мындан тышкары жүгөрү майы антиоксидант заттарга бай болгондуктан, терини жашартат.

Буурчак (соя) майы

Буурчак майы бышырууда эң көп колдонулган майлардын бири болуп саналат. Бул майдын сактоо мөөнөтү бир жылдан ашпайт. Буурчак майын жогорку температурада бышырганда, кууруганда колдонсо болбойт .Май көптөгөн фосфолипиддерди камтыганы үчүн эт жана балык шорпосуна ылайыктуу жана аларды даамына келтирүүдө жардам берет.

Жер жаңгак майы

Жер жаңгак майы менен куурулган тамактарды жасоо эң жакшы. Себеби тамактын жытын чыгарат. Жер жаңгак майы көпчүлүк адамдарга жагат, анткени организмге оңой сиңет.

Жер жаңгак майын үзгүлтүксүз колдонуу беттеги бырыштарды кетирүүгө жана терини жашартууга, жүрөк, кан тамыр ооруларынын алдын алууга жардам берет. Бул майдагы холин эс тутумду, мээнин маалымат кабыл алуусун жакшыртат.

Күн карама майы

Күн карама майы линол кислотасынын көп болушу менен белгилүү. Бул өсүмдүк майынын курамында организмдеги кемчил клеткаларды калыбына келтирүүгө өбөлгө түзгөн, терини жашарта турган, кандагы холестеринди, триглицериддерди азайтып, кан басымды төмөндөткөн витаминдер бар.

Ошондой эле Е витамини көп, анын курамындагы линол кислотасы болжол менен 70%га жетиши мүмкүн. Бирок, бул майды жогорку температурада колдонуу сунушталбайт.

Зайтун майы

Диетологдордун көпчүлүгү зайтун майын өсүмдүк майларынын арасында лидер жана организм үчүн эң пайдалуу деп айтып келишет. Зайтун майын алууда эч кандай химиялык тазалоодон өтпөйт, ошондуктан бардык пайдалуу заттар жакшы сакталат.  Зайтун майы өтө жогорку температурага чыдамдуу. Ал эт, жашылчаларды кайнатуу, бышыруу, кууруу үчүн колдонула берет. Зайтун майы кошулган тамактар ​​даамдуу жана өзгөчө жытка ээ болот.

Күнжүт майы

Күнжүт майы — азыктуулугу жогору өсүмдүк майы, каныкпаган май кислоталарына, Е витаминине жана линол кислотасына бай.

Адатта 2,5-3 килограмм күнжүттөн бир литр гана май алынат. Бул май шорпого ылайыктуу. Күнжүт майынын курамында феноликалык сесамолин жана сезамин бар. Ошондуктан башка өсүмдүк майларына салыштырмалуу узак мөөнөткө сактоого болот.

Зыгыр май

Зыгыр  май курамындагы витаминдер боюнча жаңгак майына окшош. Бул май Е витаминине, каротинге, ар кандай май кислоталарына жана фосфолипиддерге бай. Организм бул майга жасалган тамакты 90% жеңил сиңирип кете алат.

Зыгыр  май кан айланууну жакшыртып, эрте улгаюунун алдын алат. Мындан тышкары кандагы холестеринди азайтууга жардам берет.

Май — денеге зарыл болгон азык заттарынын бири. Ден соолукта болуу үчүн жакшы сапаттагы майды тандаңыз жана аны туура колдонуңуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM