Биз менен байланышыңыз

Анталья шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу негизделди

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 311 | 0

Түркиянын Анталья шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Бүгүн, 18-октябрда президент Садыр Жапаров «Түркия Республикасынын Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Буга чейин Кыргызстан Түркиянын Анталья шаарында консулдук ачарын парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирген.

Анын айтымында, алар өкмөткө Антальяда консулдук ачуу боюнча сунуш берген.

«Антальяда биздин жарандар көп. Ал жерде көйгөйлөрү да көп. Ошондуктан биз ушул күнгө чейин Стамбулдан дипломатыбызды убактылуу жөнөтүп, маселени чечип келгенбиз. Бирок ал жерге туруктуу консулдук ачуу керек», — деп кошумчалаган Нуран Ниязалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM