Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Маргун жана Самаркандек айылдарына 2 мектеп куруп берет

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 1068 | 0

Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп салып берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Өзбекстан Кыргызстандын аймагына кайтарымсыз негизде салып бере турган мектеп имараты үчүн 30 сотых жер Баткен районунун Самаркандек айылынан, 1,75 гектар жер Лейлек районунун Маргун айылынан бөлүнмөй болду.

Өзбекстан салып берүүнү көздөп жаткан мектептердин ар бири 330 орундуу болот. Эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, курулуш жана башка иштерди Өзбекстан каржылайт. Ошондой эле мектеп курулуп бүткөн соң, Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп берилет.

Буга чейин Өзбекстан Ош шаарына 650 орундуу мектеп салып берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM