Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болот

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 1544 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга талапкерлиги тиешелүү комитетте жактырылды. Бул тууралуу парламенттин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маалымдады.

Комитет Аида Касымалиеваны Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна талапкерлигин карап чыгып, төмөнкүнү белгилеген:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөнкүдөй чечти:

  1. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Касымалиева Аида Камчыбековнанын талапкерлиги жактырылсын.
  2. Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

Аида Касымалиева өзүнүн эмгек жолун «Азаттык» радиосунда баштаган. 2004-2008-жылдары «Азаттык+» жаштар программасынын координатору, автору жана алып баруучусу, продюсери кызматтарын аркалаган.

2008-2009-жылдары Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британия институтунун Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору болуп эмгектенген.

2010-жылдан 2021-жылга чейин «Ыңгайсыз суроолор» программасынын алып баруучусу, мультимедиа продюсери кызматын аркалаган.

2013-жылы Москва шаарында «Свобода» радиосунун кабарчысы болгон.

2013-жылы Бишкекке кайтып келип, кыска мөөнөткө «Азаттык» радиосунун кабарчысы болуп иштеген.

2013-жылы Прага шаарына которулуп, «Radio Free Europe» жана «Radio Liberty» радиостанцияларында 2014-жылга чейин иштеген.

2014-жылы А.Касымалиева «НТС» телеканалынын башкы продюсери болуп дайындалган.

2015-жылы Кыргызстандагы «Интерньюс Нетуорктун» грант-менеджери, редактору болгон.

2015-жылы КТРКда «Ой-Ордо» ток-шоусун алып барган.

2016-жылы «Тарыхтын татаал жолдору» аттуу даректүү тасманын үстүндө иштеген.

2017-жылга чейин Борбордук Азиядагы Америка Университети, «TRT World» телекомпаниясы (Стамбул, Турция), «Al Jazeera» телекомпаниясында (Доха, Катар) эмгектенген.

2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин депутаты.

2018-жылдан тарта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM