Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мектептерде быйыл да китеп жетишпейт

Билим-маданият , Коом | 20 Окт 2021 | 2121 | 0

Кыргызстанда мектептердин көбүндө окуу китептери жетишсиз. Бул маселе жыл сайын айтылып келет. Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылында мектептерди китеп менен камсыздоо 49,6%дан 72,2%га көтөрүлгөнүн маалымдады. Бирок айыл жериндеги мектептерде китеп тартыш экенин ата-энелер кулак кагыш кылышууда.

Ош облусунун Төлөйкөн айылынын тургуну Каныкейдин үч баласы мектепке барат. Ал айыл жергесинде китеп жетишсиздиги жыл сайын сезилерин айтат. Ошол себептен балдарына китепти жеке колдон сатып алууга мажбур болот. Ал китептердин саны менен кошо мазмунуна, сапатына да көңүл бурушса деген пикирин билдирди.

«Азыркы китептердин сапаты аябай начар. Бир кармасаң эле жиптери сөгүлүп, бири-биринен ажырап кетет. Айылда жашайбыз. Үч балам бар, 4-класс, 2-класс жана 1-класста окушат. Китептерди мектептен да алып бергем, ал жакта жокторун базардан сатып алдым. Базарда бир китеп 250-300 сомдон, бул сумма шартка туура келе бербейт. Айыл жергесинде жашаган ар бир ата-энеге, айрыкча көп балалуу үй-бүлөгө кымбатка турат. Алып бербейин десең, балаң билимсиз калат. Айтор, баштагыдай бири-бирине бере турган сапаттуу китептер чыкпай калды. Тескерисинче, сапаты жылдан-жылга начарлоодо».

Ош шаарындагы мектептердин биринин кызматкери Гүлназ (аты өзгөртүлдү) мектептердеги китеп жетишсиздиги көп көйгөй жаратарын айтат. Мисалы, көп балалуу үй-бүлөдө ата-эне бардык балдарына китеп сатып алууга чамасы жетпейт. Ошол себептен аларга жеңилдиктерди карап, окуу китептерин мамлекеттик деңгээлде колго алышы керектигин белгилейт.

«Баланын колунда китеби болсо, билим жемишин берет. Кайсыл бир сабактан китеп жетишсиз болгон учурда мугалим китептин барагын көбөйтүп, балдарга таратып сабак өтөт. Мамлекеттик стандарттын негизинде 1-класстан 8-класска чейинки окуучулардын китеби жаңыдан түзүлүп жатат. Аларды балдар ижара түрүндө сатып алып окушат. Бул көрүнүш ата-энелерге бир топ түйшүк жаратат. Мисалы, биздин мектеп орус тилдүү болгондуктан, англис тили, орус тили китеби жетишсиз болуп келет». 

Учурда дүйнө мамлекеттери менен катар эле Кыргызстанда да жаңы технология өнүгүү жолуна түштү. Мындайда жалгыз эле китеп менен чектелбөө керек, китепте жок зарыл маалыматтарды интернет айдыңынан алса болот дегендер да бар.

Баткен шаарындагы «Тамга» мектебинин директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Санжар Абдинаби уулунун пикиринде, мектеп балдарды китептер толук кандуу менен камсыздай албаса, жок дегенде электрондук вариантын сайттарга киргизип койсо болот. Балдар ал жерден ПДФ-форматында көчүрүп алып окуй берет.

«Жалпыга маалым болгондой эле республикалык бюджеттин 25%ы билим берүүгө жумшалат. Ошол 25%ды 100% деп ала турган болсок, анын 85%ы пайызы мугалимдердин маянасына сарпталат. Калган 15%ы окуу куралдарына, керектүү шаймандарга жана башкаларга кетет. Бул сумма менен мектептерди китеп менен толук кандуу камсыздоо мүмкүн эмес. Республика боюнча 2200дөн ашык орто мектеп бар. Ошолордун баарын китеп менен камсыз кыла албайбыз. Мектеп окуучуларын китеп менен толук кандуу камсыз кылуу боюнча мининстрликтин астында жаңы мекеме уюшулган «Жаңы китеп» атуу. Алардын милдети: заман талабына ылайык китептер менен камсыздоо. Жаңы формат менен китептерди жер-жерлерге таратып жатышат. Бул да жакшы жөрөлгө десем болот. Бирок муну менен мектептер китеп менен толук кандуу камсыз болот дегенге али эрте».

Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка караганда, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 157 миң 500 нускада окуу китептерин жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолорду басып чыгаруу пландалууда.

Өлкө боюнча 2 миң 200дөн ашуун мектеп бар. Аларда жалпы 1 миллион 300 миң окуучу билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM