Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 70 адамдан табылып, эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 17 Окт 2021 | 423 | 0

Кыргызстанда 17-октябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 39, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 69 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 536 бейтап, амбулатордук түрдө 526 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 845 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 647 киши айыгып чыкса, 2 миң 634 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM