Биз менен байланышыңыз

Ревматолог: Ревматоиддүү артрит менен көбүнчө аялдар ооруйт

Ревматоиддүү артрит бул адамдын өзүнүн иммунитети карама-каршы иштегенинен улам пайда болгон оору болуп эсептелет. Эмнеге андай болору ушул күнгө чейин белгисиз. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгери, ревматолог Бактыгүл  Жакишева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көбүнчө суук өтүп кеткенден болот деген ой-пикирлер бар. Чыныгы себеби так белгисиз.

«Адамдын иммунитети карама-каршы иштеп калат, ошондон улам ревматоиддүү артрит оорусу пайда болот. Бул ревматоиддүү артритти кандай белгилер менен билсе болот? Биринчиден, бейтаптар муундарынан жабыркап келишет, майда манжалар жабыркап, көп муундар бирдей шишип, бир эле муун эмес, бул майда манжалардын, колунун жана буттарынын муундары да бирдей шишип келишет. Эртең менен адам турганда, колдору жумулбай катып калганын сезип, оорунун пайда болгонун билсе, сөзсүз дарыгерге кайрылып, өзүнүн дартын билип, чараларды көрүшү керек», — деди дарыгер.

Бүгүнкү күндө анын тукум кууй турганы аныктала элек. Дүйнө жүзүнүн статистикасына таянсак, бул оору менен көбүнчө аялдар ооруйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM